Жаңылыктар
C. Жээнбеков Индиянын Премьер-министри Нарендра Моди менен жолугушту
Саясат
C. Жээнбеков Индиянын Премьер-министри Нарендра Моди менен жолугушту

Президент Сооронбай Жээнбеков Циндао шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынынын алкагында Индиянын Премьер-министри Нарендра Моди менен жолугушту. Нарендра Моди Кыргызстан тандап алган демократия жолу дүйнөнүн көп өлкөлөрү үчүн мисал болуп, дем берип тургандыгын айтты. 

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан менен Индиянын ортосунда достук мамилелерди өнүктүрүүнүн орчундуу маселелери боюнча пикир алмашуу мүмкүнчүлүгүнө кубанычта экендигин белгилеп, Индиянын ШКУга мүчө болуп өтүшү менен куттуктады. «Кыргызстан Индия менен достук мамилелерди бекемдөөгө артыкчылыктуу маани берет жана колдоого алат. Эл аралык уюмдардын жана конференциялардын алкагында өз ара визиттер жана жолугушуулар активдешип, акыркы жылдары эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнүн позитивдүү динамикасын белгилөө жагымдуу», - деди Президент. 

Ошондой эле, кыргыз тарап 2018-жылдын августунда Индиянын тышкы иштер министри Сушма Сварадж айымдын расмий сапарын колдоого алаарын баса белгиледи. Сооронбай Жээнбеков 2019-жылы ШКУ мамлекет башчыларынын Кеңешинде төрагалык Кыргызстанга өтүп, кезектеги жыйын Бишкекте өтөөрүн эске салып, Нарендра Модини ШКУнун мамлекет башчыларынын Кеңешине катышуу менен бирге Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакырды.
Мамлекет башчы гидроэнергетика, саламаттыкты сактоо, айыл чарба жана мамлекеттик органдардын ишинде маалыматтык жана байланыш технологияларын ишке киргизүү тармагында кызматташууну тереңдетүү керектигин белгиледи. Жолугушуунун жүрүшүндө өлкө башчысы индиялык тарапка биргелешип эки тараптуу кызматташуунун базасын талдап чыгуу үчүн эксперттик топ түзүүнү сунуштады.

Нарендра Моди Сооронбай Жээнбековдун эксперттик топту түзүү боюнча демилгесин колдоого алып, бул өз ара кызыкчылык туудурган түрдүү тармактарда эки тараптуу кызматташуу боюнча конкреттүү сунуштарды талкуулоо жана ишке ашыруу үчүн зарыл экендигин айтты. Ошондой эле Индиянын Премьер-министри электрондук башкарууну ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. Белгилей кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышкандан кийин 10-июнь түнү Бишкекке кайтып келди.