Жаңылыктар
Улуттук банкка киберкоопсуздук боюнча атайын бөлүм түзүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Улуттук банкка киберкоопсуздук боюнча атайын бөлүм түзүлдү

Улуттук банкка караштуу киберкоопсуздук боюнча атайын бөлүм түзүлдү. Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдиргендей, бул бөлүм Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет менен чогуу иштеп, банк чөйрөсүндөгү киберчабуулдардын жана коркунучтардын алдын алуу боюнча иш жүргүзөт. Абдыгулов бул чөйрөдө коркунучтар бар экенин белгилеп, убагында чара көрүлбөсө кесепети оор болорун эскертти. 

Киберкоопсуздук - электрондук жана маалыматтык системаларды бузууга багытталган чабуулдардан коргонуу тутуму. Андай коркунучтар АКШдагы соңку президенттик шайлоого тыштан кийлигишүү аракетинен улам дүйнө жүзүндө күчөдү. Мындай чабуулдар каржы чөйрөсүнө да коюлган учурлар болгон. Буга чейин бир катар мамлекеттер бул үчүн атайын түзүмдөрдү ачышкан.