Жаңылыктар
Кыргызстанда бүгүн Кадыр түн тосулат
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда бүгүн Кадыр түн тосулат

Бүгүн кыргызстандыктар Кадыр түндү тосушат. Муфтияттын маалымат кызматы кабарлагандай, орозо айынын 27-түнүндө тосулган Кадыр түн бул ирет 11-июндан 12-июнга караган түнгө туш келген. 

Бул түнү ислам динин кармангандар таң атканча уктабастан, жакшылыктарды тилеп, куран окушат. Мусулмандар аны мечитте же үйлөрүндө тосушат.