Жаңылыктар
Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракеси улуттук жана эл аралык деңгээлде белгиленет
Кыргызстан жаңылыктары
Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракеси улуттук жана эл аралык деңгээлде белгиленет

Адабияттын алпы, кара сөздүн кеменгери, Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун дүйнө салганына он жыл болду. Кыргыздын маданияты менен адабиятын ааламга тааныткан Айтматовдун чыгармалары улам кайра жаңыланып басылып чыгып, көптөр көксөп окуган кенчке айланды. Бүгүн Президент Сооронбай Жээнбеков Айтматовду эскерүү үчүн залкар жазуучунун үй-музейине барып, анын жакындары менен жолугушту. 

Шекерде туулуп өскөн Чыңгыз Айтматов таланты менен Ала-Тоодон ааламга үн салып, көркөм дөөлөттөрдү жаратты. Улуу жазуучунун чыгармалары аркылуу дүйнө эли кыргыздын маданияты, каада-салты, үрп-адаты жана дүйнө таанымы менен жакындан тааныш болду. Дүйнөнү калеми менен багындырган кыргыздын чыгаан уулу Чыңгыз Айтматовдун ааламы чексиз. Ойчулдун артында чоң мурасы кыргызга эле эмес дүйнө элине да кенч болуп калды.

Көркөм адабиятты байыткан Айтматовдун эмгектери 90 жылдык мааракесине карата кайрадан басылып чыгарылат. Себеби Айтматов өзү чексиз тема болсо, анын чыгармалары түбөлүктүүлүк сапарында жашап жатат. Орошон ойчулдун чыгармалары 176 тилге которулган. Анын калемине таандык керемет чыгармаларын кыргыз режиссёрлору гана эмес, чет элдик режиссёрлор да тасмага түшүргөн. 

Шумкар он жети жашта болгонуна карабай Айтматовдун чыгармалары аркылуу залкардын кең ааламына сүңгүп кирип, андагы каармандардын ой-туюмун түшүнүп, жашоонун ак-карасын таанып билгенин айтат. Мектепти аяктап жаткан каарманыбызга китепканадагы Айтматовдун бул бурчу өзгөчө жагат. 

Айтматов жазуучу катары гана эмес өз элине күйүмдүү уул, адамгерчилиги менен өзгөчөлөнгөн улуу инсан. Ойчулга кандай улуу сөз айтса жарашаар эле-дейт анын калемдештери. Айтматов менен ага-ини катары мамилеси жакшы болгон акын-жазуучу Сейит Жетимишов чыгармачылык турмушунда Айтматов ага таасирдүү сөзү жана акылмандыгы менен чоң жардам бергенин айтат. 

Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун дүйнө салганына он жыл болду. 2018-жылы улуу ойчул Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракеси улуттук жана эл аралык деңгээлде белгиленет. Жазуучуну эскерүү үчүн Президент Сооронбай Жээнбеков үй-музейине барып, жазуучунун жакындары менен жолугушуп, коомдук жана мамлекеттик ишмер, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун элесине багышталып куран окулду.