Жаңылыктар
Кыргыз-казак чек арасына Кыргызстандын мамлекеттик желеги илинди
Чек ара
Кыргыз-казак чек арасына Кыргызстандын мамлекеттик желеги илинди

Аны орнотууга арналган салтанаттуу азем "Ак-Жол - Автодорожный" көзөмөл өткөрмө бөлүгүндө өттү. Идеянын авторлору желекти буга чейин Балыкчы жана Ош шаарларында илишкен. 

Кыргызстандын желеги кызыл түстө. Желектин бир түстүү кызылдыгы эрдикти жана тайманбастыктын символу, жаркыраган алтын күн тынчтыкты жана байлыкты чагылдырат, ал эми түндүк - үй кутунун символу, ал эми бир айлампага бириктирилген кырк нур байыркы кырк уруунун бирдиктүү Кыргызстанга бириккендигин айгинелейт. «Ак-Жол - Автодорожный» көзөмөл-өткөрмө бөлүгүнөн күнүнө 10 миңге жакын адам өтөт. Ал эми туристтик маалда бул сан үч эсеге көбөйүп, 30 миңге жакындайт. 

Арген Айбеков чек арадагы көзөмөл өткөрмө бөлүгүндө иштеп жатканына бир жылга жакындап калды. Бул убакта ал 100 миңден ашык кишини тосуп же чет элге чыгып жаткандарды узатат. Ал чек арада мамлекеттик тунун илинип жатканына кубанып турганын жашырган жок.