Жаңылыктар
Кыргызстанда менингит оорусу боюнча эпидемиологиялык абал туруктуу
Ден соолук
Кыргызстанда менингит оорусу боюнча эпидемиологиялык абал туруктуу

Казакстанда менингит оорусу күч алып 150го жакын адам ооруканага жаткырылса, жыл башынан бери 12 адамдын каза болгону айтылган. Буга байланыштуу Кыргызстанда дагы калк арасында кооптонуулар пайда болду. Себеби уюлдук телефондогу вотсап кызматы аркылуу менингит оорусунун жайылышы жана андан сактануу жолдорун эскерткен билдирүүлөр келип түшүүдө.

Борбор калаанын тургуну Асель Болотбекованын уюлдук телефонуна дал ушундай бир нече билдирүү келген. Мындан улам ал кызын бала бакчага, көңүл ачуу жайларына жөнөтпөй, бассейинден баш тартып үйдө кармаганын айтып "Биринчи радиого" чын бышыгын билип берүү үчүн кайрылган. 

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Бегайым Абдыкадырова "Биринчи радио"