Жаңылыктар
Баткенде өспүрүм кыздардын футбол боюнча мелдеши жыйынтыкталды
Спорт
Баткенде өспүрүм кыздардын футбол боюнча мелдеши жыйынтыкталды

11-июнда Баткен шаарында өспүрүм кыздар арасында өткөн футбол боюнча мелдеш жыйынтыкталды. Бул тууралуу Футбол федерациясынын Баткен облусу боюнча өкүлү Айбек Ражапов билдирди.

Анын айтымында, мелдешке Баткен, Чүй жана Талас облустарынан келген 15 жашка чейинки кыздардын командалары катышты. 10-июнь күнү Баткен менен Талас облусунан келген кыздар командасы таймашып, оюн 0:0 эсеби менен жыйынтыкталган. Ал эми бүгүн, 11-июнда Баткен менен Чүй облусунун командалары күч сынашып, оюн 0:0 эсебинде аяктады. Командалар эч кандай упай топтой албагандыктан бардыгына бирден упай берилип, кызыктыруучу белектер тапшырылды.