Каракол шаарында өспүрүмдөр арасында дзюдо боюнча эл аралык мелдеш өттү. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.
Мелдеш эл аралык класстагы КРнын жана СССРдин спорт чебери, дзюдо боюнча дүйнөнүн 3 жолку чемпиону Жаркынбек Шамбетовдун урматына арналып, ага Россия, Казакстан жана Кыргызстандын аймактарынан 200гө жакын балбан катышты.