Жаңылыктар
Талас облусунда нөшөрлүү жаандан улам сел жүрдү
Өзгөчө кырдаал
 Талас облусунда нөшөрлүү жаандан улам сел жүрдү

11-июнда Талас облусунун Кара-Буура районунун Аманбаев айыл аймагынын Ак-Жар айылында нөшөрлүү жаандан улам сел жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдагандай, сел кечки саат алтылар чамасында жүргөн.

Анын кесепетинен жалпысынан 15 турак жайдын короосун, сарайларын, бакчасын жана мектептин короосун, чарбалык ички жолдорду суу каптап, 5 гектар айдоо аянтын жууп кеткен. Жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иштерин жүргүздү. Айыл өкмөтү сел агып кетүүчү каналдардын жээктерин бекемдөө үчүн техникаларды бөлдү.