Жаңылыктар
А. Шыкмаматовдун иши кайра тергөөгө жөнөтүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
А. Шыкмаматовдун иши кайра тергөөгө жөнөтүлдү

Шыкмаматовдун иши кайра тергөөгө жөнөтүлдү. Бүгүн Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын жетекчиси, депутат Алмамбет Шыкмаматов боюнча Биринчи май райондук соту чыгарган чечимди жокко чыгарды. Тергөөдөгү айрым такталбаган жагдайларды оңдоо талабы менен иш кайра тергөөгө жөнөтүлдү. 

Буга чейин депутаттын адвокаты Чынара Жакупбекова тергөөдөгү мыйзамсыз жагдайларды ондоо талабы менен ишти кайра тергөөгө жөнөтүү өтүнүчүн сотко жолдогон. 

Алмамбет Шыкмаматовго Кылмыш-жаза кодексинин "Кылмышка шериктеш болуу" жана "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айып тагылган. Бишкектин Биринчи май райондук соту былтыр 19-декабрда Шыкмаматовду күнөөлүү деп таап, 5 миллион сом айыпка жыккан.