Жаңылыктар
Туруксуз аба-ырайына байланыштуу сел жүрүү коркунучу күтүлөт
Өзгөчө кырдаал
Туруксуз аба-ырайына байланыштуу сел жүрүү коркунучу күтүлөт

16-июнга чейин Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрүп, жамгыр жаап Ош, Жалалабат Баткен облустарында сел жүрү коркунучу күтүлөт. Бул тууралуу  ӨКМнин басма сөз кызматынын жетекчиси Абдишарип Бекилов “Биринчи радиого” билдирди. 

Маалыматка ылайык абанын температурасы күндүз ...35 градуска чейин  көтөрүлсө, айрым күндөрү кескин төмөндөйт. Адистер быйылкы жылы аба ырайы кескин өзгөрүп, ага жамгырдын коштолушу жаратылыш кырсыктарына алып келиши мүмкүн экенин билдирүүдө. 

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Алина Абасова, "Биринчи радио"