Жаңылыктар
Сузактын Ырыс айыл аймагында орчундуу социалдык көйгөлөрдү чечүүгө басым жасалууда
Кыргызстан жаңылыктары
Сузактын Ырыс айыл аймагында орчундуу социалдык көйгөлөрдү чечүүгө басым жасалууда

“Аймактарды өнүктүрүү” жылында Сузак районунун Ырыс айыл аймагында жол, таза суу жана башка орчундуу социалдык көйгөлөрдү чечүүгө басым жасалууда. Ладан-Кара айылындагы жаңы конуштарга таза суу жеткирилип, тургундардын короосуна чейин ичүүчү суу чыкты. Мындан сырткары айыл ичиндеги жолдорго жаңы асфальт куруу иштери башталат.  



Ладан-Кара айылындагы жаңы конуш жашоочулары таза суу көйгөйүнөн арылып, ичүүчү суу мына минтип, короо алдынан тынымысыз чыгып калган. Жалпысынан 200 кожолук таза суу менен камсыз болгон.

Таза суу жер алдынан 200 метр тереңдиктен чыгарылган. Бул үчүн айыл өкмөт тарабынан 400 миң сомдон ашуун акча каражаты бөлүнгөн. Суу түтүкчөлөрүн тартууда айыл эли да кол кабыш кылып, салымын кошкон. Ал эми Ырыс айыл аймагында жалпы 12 айыл болсо, анын ичинен таза сууга мутаж айылдар да бар. 


Айыл аймакта ичүүчү суудан сырткары ички жолдорго жаңы асфальт төшөө иштери башталганы турат. Жалпысынан 4 чакырым айыл аралаган жолдор жаңыланат. Буга кетүүчү 8 миллион сом акча каражаты аныкталып, ал каражаттын тең жарымы айыл өкмөттүн бюджетинен, калганы түрткү берүүчү гранттын жардамы менен ишке ашууда. Күмүш-Азиз айылынын Ботобаев көчөсүнө да асфальт төшөлөт.