Жаңылыктар
Жогорку Кеңештин комитетинде өкмөттүн 2017-жылдагы отчету каралды
Саясат
Жогорку Кеңештин комитетинде  өкмөттүн 2017-жылдагы отчету каралды

Парламенттин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети премьер-министрдин 2017-жылда премьер-министрдин аткарган ишин эске алуу менен палатанын кароосуна киргизилсин деген орток чечим кабыл алды.

19-апрелде Жогорку Кеңеш көпчүлүк добуш менен Сапар Исаковдун өкмөтүнө ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган. Мыйзамда мындай жагдайда жаңы шайланган өкмөт башчы отчёт менен келгенде кандай баа берүү жол-жобосу каралган эмес. 


Өкмөттүн маалыматында тармактар боюнча жетишкендик менен өксүктөр жана быйыл аткарыла турган иштер көрсөтүлгөн. Экономикалык эркиндик, бизнести жүргүзүү сыяктуу индекстер боюнча Кыргызстан эл аралык рейтингде да абалын жакшыртууга жетишкен. Экономика, ЕАЭБ алкагында кызматташтык, инвестиция, коопсуздук, чек араны тактоо, коррупция менен күрөш багытында иштер ырааттуу жүрүп жатат.

2017-жылы экономикалык өсүштүн оң динамикасы жана туруктуулугу сакталды. Өсүш 4,6 %ды түзүп, ИДП 521 млрд сом болду. Социалдык маселелер да өкмөттүн көңүл чордонунда. Пенсия 280 сомго жогорулаган, билим берүү тармагына бюджеттен 18 пайызга көбүрөөк каражат бөлүнгөн. Макулдашууларга ылайык 12 айыл таза суу менен камсыз болгон, быйыл жүздөн ашык айылга таза суу тартылганы турат. Былтыр да мектеп менен ооруканаларды салуу, оңдоо, жолдорду куруу жана ирригация маселеси чечилип жатат-деди Абылгазиев.