Жаңылыктар
Токмок шаарында көгүлтүр от бериле баштады
Кыргызстан жаңылыктары
Токмок шаарында көгүлтүр от бериле баштады

Токмок шаарында көгүлтүр от бериле баштады. Бул аймакты жаратылыш газы менен камсыздоо былтыр башталып, бир жылда арбын жумуш аткарылды. 



Мындай кубанычты тургундар 20 жылдан ашык күтүп, бүгүн тилектери орундалды. Газ алгач 3 үйгө берилди. Алардын биринин үй кожейкеси Элвира Байбосунованын кубанычында чек жок. Анткени үйүндө көгүлтүр отун бар. Азырынча газ плитасында гана. Алдыда жылытууга колдонуу планы бар. Бирок ага уруксат алып, от казанын орнотуу зарыл. Тиешелүү документтерди чогултуп, ушул кышта үйүн газ менен жылытам деп үмүт кылууда.

Буга чейин бул райондун жашоочулары жылуулукка электрди же көмүрдү пайдаланышчу. Кыш мезгилинде аны колдонууга оңбогондой төлөм төлөшчү.

Көп үй-бүлөлөр көмүр сатып алуу үчүн насыя алган күндөр да болгон. Жаратылыш газын колдонуудан капчыкка кыйла каражат калат деп ишенишүүдө. Мисалга, 80 чарчы метр аянттан жылуулукка 5 миң сомдой үнөмдөсө болот.