Жаңылыктар
Күйүүчү майдын баасы эмне себептен көтөрүлүүдө?
Кыргызстан жаңылыктары
Күйүүчү майдын баасы эмне себептен көтөрүлүүдө?

Жыл башынан бери күйүүчү майдын баасы 20 пайызга кымбаттаган. Ага дүйнөлүк баанын көтөрүлүшү себеп дейт Кыргызстан нефтетрейдерлер ассоциациясы. 


Серик Эсенбек уулу Бишкек-Балыкчы багытындагы такси айдайт. Күйүүчү майдын кымбаттай түшүшү, анын тапкан кирешесин байкаларлык азайтты.

Алыскы аймактарга такси айдагандар элдин чөнтөгүнө оор келбесин деп, жол кирени кымбаттатпай, мурункудай эле баа менен ташып жатышат.


АИ-92 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын баасы ар кайсы май куючу жайларда ар кандай коюлган. Мисалы, “Газпромнефть Азияда” - 44 сом, 30 тыйын. “Роснефть” бир литрин 43 сомдон сатууда. “Бишкек Петролиумдагы” баасы 43 сом 30 тыйынды түзсө, ал эми “Партнер Нефтте” АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин бир литри 42 сом 40 тыйындан сатылууда.

Ал эми АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин бир литри “ГазпромнефтьАзияда” - 48 сомду түзсө, “Роснефтте” 45 сом 50 тыйын. “БишкекПетролиум” бул үлгүнүн бир литрин 45, 8 сомдон баалады. “ПартнерНефть” АИ-95ти 44 сом 60 тыйындан сатууда.

Дизелдик күйүүчү майдын баасы да ар түрдүү. “ГазпромнефтьАзияда” - 45 сом. “Роснефть” жана “БишкекПетролиумда” - 44 сом. Ал эми “Партнер Нефтте” дизелдик күйүүчү майдын бир литри 43 сом 60 тыйынга бааланды.

Суюлтулган газ үч тармакта сатылууда: “Газпром” жана “БишкекПетролиумда” анын баасы 23 сом, ал эми “Партнер Нефтте” - суюлтулган газдын 1 куб метри 22 сом 50 тыйынды түзүүдө.