Жаңылыктар
Дарбыздагы химиялык азыктардын нормадан эки эсеге жогору экени аныкталды
Кыргызстан жаңылыктары
Дарбыздагы химиялык азыктардын нормадан эки эсеге жогору экени аныкталды

Ош облусунда сатылып жаткан дарбыз, коондогу химиялык азыктардын нормадан эки эсеге жогору экени аныкталды. 

Эгерде, дарбыздагы нитраттын нормасы 60 мг болсо, текшерүүдөң соң, сатуудагы дарбыздын курамында 200 мг чейин нитрат бар экени белгилүү болгон. 

Өзбекстан, Тажикстандан Оштун базарларындагы дарбыздын көпчүлүгү чайкоочулук менен келгендиктен, буларды сатууда уруксат берген тийиштүү кагаздары жок. 

Натыйжада, сатуучулар дарбызда канчалык химиялык зат бар экенин билишпейт. Дарынын мындай өлчөмү, керектөөчүнүн, айрыкча балдардын ден соолугуна зыян алып келерин адистер эскертип жатат.