Жаңылыктар
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн 102 өлкөгө чакыруу берилди
Кыргызстан жаңылыктары
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн 102 өлкөгө чакыруу берилди

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн 102 өлкөгө чакыруу берилди. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиргендей, бул өлкөлөрдүн 80и менен байланыш түзүлүп, учурда 10 мамлекет катышууга макулдугун беришти. 

Арыздар 15-июлга чейин кабыл алынат. Быйылкы оюндарга былтыркыга салыштырмалуу көбүрөөк өлкө катышат деп күтүлүүдө. Ошондой эле, Кыргызстан президенттерди дагы кабыл алууга даяр. 

Айрым өлкө башчылары оюнду көрүүгө кызыкдар экендиктерин билдирген. Көчмөндөр оюнуна Түркия, Татарстан, Монголия, Өзбекстан, Казакстандын мамлекет башчыларынын келүүсү күтүлүүдө. Бирок, азырынча расмий кат келе элек. 

Маалым болгондой, ири иш- чаранын жүрүшүндө 3 миңге жакын спортчу 37 спорттун түрү боюнча ат салышат. Көчмөндөр оюнунун ачылыш аземи 2-сентябрда болот. 3-сентябрда Кырчын этнокыштакчасы меймандарды тосуп алат.