Жаңылыктар
КТРК футбол чемпионатын түз алып көрсөтөт
Спорт
КТРК футбол чемпионатын түз алып көрсөтөт

КТРКнын "Спорт" каналы Россияда өтө турган футбол боюнча Дүйнө чемпионатынын бардык 64 беттешин көрсөтөт. Коомдук телерадиоберүү корпорациясы бул ири спорттук саамалыкты көрсөтүүгө укук алган. 

КТРК жана Маданият ТарыхТил каналдары бир убакытта өткөн оюндарды түз алып көрсөтмөкчү. Беттештердин программасы менен www.ktrk.kg сайтынан таанышса болот. 

Эске салсак, футбол боюнча Дүйнө чемпионаты 14-июндан 15-июлга чейин Россиянын 11 шаарында өтөт. Алар Москва, Санкт-Петербург, Калининград, Волгоград, Казань, Нижний Новгород, Самара, Саранск, Ростов-на-Дону, Екатеринбург жана Сочи шаарлары.