Жаңылыктар
Сапар Исаков абакта калтырылды
Саясат
 Сапар Исаков абакта калтырылды

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков абакта калтырылды. Бишкек шаардык соту буга чейин Биринчи май райондук соту чыгарган чечимди күчүндө калтырды. Исаков Жылуулук электр борборун жаңылоодо саясий абалынан пайдаланып, жалданма ишкананы тандоодо ТВЕА компаниясынын кызыкчылыгын коргогон деп шектелип, 5-июнда камакка алынган.

Мурдагы премьер-министрдин тарапташтары Бишкек шаардык сотунун имаратына чогулду. Алар Сапар Исаковдун күнөөсүз экенин айтып, бошотууну соттон өтүнүүдө. Буга чейин Исаковду эки айга камакка алуу чечимин Биринчи май райондук соту чыгарган. Шаардык сот аны күчүндө калтырды. Баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу арыз канааттандырылган жок.