Жаңылыктар
Ири көлөмдөгү баңгизат менен Казакстандын жараны кармалды
Кылмыш
Ири көлөмдөгү баңгизат менен Казакстандын жараны кармалды

Баңгизат каражаттарын ташып бара жаткан Казакстандын жараны кармалды. Маалыматка ылайык, 11-июнда ыкчам-издөө иш-аракеттеринин алкагында Аламүдүн районунун Луговой көчөсүнөн 57 жаштагы коңшу өлкөнүн жараны башкарган Audi унаасы токтотулган. 

Тинтүү учурунда унаадан 30 литрлик 14 желим идишке куюлуп, жалпы салмагы 500 килограммды түзгөн, сары түстөгү өзгөчө жыты бар суюктук табылды. Зат күкүрт кислотасы экени аныкталды. 

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Баңгизаттарды, психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, алуу, сактоо, ташуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Кармалган адам Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.