Жаңылыктар
Өрт өчүрүүчүлөргө, тез жардам унаасына жол бошотпогондорго карата рейд өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Өрт өчүрүүчүлөргө, тез жардам унаасына жол бошотпогондорго карата рейд өттү

Өрт өчүрүүчүлөргө, тез жардам унаасына айрым айдоочулар жол бошотпоору айтпаса да белгилүү. Мына ушундай айдоочуларды тартипке чакырган “Маяк” аталышындагы рейд Бишкекте уюштурулду. Мындай текшерүүлөр жума сайын өтүп турат. 


Эмне үчүн өрт өчүрүүчү жана тез жардам унаалары кырсык болгон жерге кечигип келет? Негизги себеби - жол тыгыны. Атайын унаалардын зарыл болгон жерге өз убагында барышы айдоочулардан көз каранды.

Бул көрүнүштү жөнгө салуу үчүн ар жума сайын “Маяк” рейди өтүп турат. Мындай алдын алуу иш-чарасы барган сайын жакшы жыйынтык берүүдө, - дешет тиешелүү кызматтар. Бирок, атайын үн белги менен келе жаткан машинаны кенебегендер да жок эмес.

Мына ошол көз ирмемдер бирөөнүн өмүрүн сактап калышы мүмкүн. Шартка ылайык, өрт өчүрүүчү унаа кырсык болгон жерге 4-7 мүнөттө жетип барышы керек.

Куткаруучу машинага жол бошотуп берүү маданияты башка өлкөлөрдө суктанаарлык. Мисалы, Польшада тез жардам унаасын өткөрүп жиберүү үчүн айдоочулар жол жээгине чыга калышат экен.