Жаңылыктар
"Менингиттен эки бала көз жумду" деген маалыматтар чындыкка дал келбейт
Ден соолук
"Менингиттен эки бала көз жумду" деген маалыматтар чындыкка дал келбейт

"Менингиттен эки бала көз жумду", - деген маалыматтар чындыкка дал келбейт жана мындай учур Кыргызстанда катталган жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Кечээ социалдык тармактарда менингит илдети эки адамдын өмүрүн алганы тууралуу маалымат тараган. Министрликтин билдирүүсүндө, мындай аракеттер атайын элди дүрбөтүү үчүн жасалган. 



Жуманын башында Казакстанда чыккан менингиттин инфекциялары биздин өлкөгө да жеткендиги жөнүндө жалган кабар желдей тараган. Буга WhatsApp тиркемеси аркылуу жиберилип жаткан маалыматтар себеп болгон. Мунун баары чындыкка дал келбейт, тескерисинче өткөн жылга салыштырмалуу Кыргызстанда бул ооруга кабылгандардын саны азайганын жугуштуу оорулар бейтапканасынын башкы дарыгери билдирди.

Коңшу өлкөдөгү кырдаал биздин жарандардын саламаттыгына коркунуч алып келбейт. Дарыгерлер өлкөдө азыркы учурда аталган дарт боюнча абал туруктуу дешет. Бул илдет ар бир 10-12 жылда күч алып, кайра басаңдап турат. Акыркы жолу менингит 2014-жылы массалык түрдө катталган.

Эң башкысы, менингитке кабылгандар дароо ооруканага кайрылышы керек. Себеби оору бир нече күндүн ичинде эле организмге чоң зыян алып келет. Бул дарттын белгилери - катуу баш ооруну пайда кылат, адамдын дене табын көтөрөт. Оорулуунун дем алуусу кыйындап, денесине кызыл бүртүкчөлөр чыгып, чыйрыгат.