Жаңылыктар
Бүгүн Орусияда футбол боюнча дүйнө чемпионаты башталат
Спорт
Бүгүн Орусияда футбол боюнча дүйнө чемпионаты башталат

Бүгүн Орусияда футбол боюнча дүйнө чемпионаты башталат. Мелдеш өлкөнүн 11 шаарында өтөт. Алар: Москва, Санкт-Петербург, Самара, Саранск, Ростов-на-Дону, Сочи, Казань, Калининград, Волгоград, Нижний Новгород жана Екатеринбург. 

Таймашта 32 тайпа ат салышат. Саамалык Россида алгачкы ирет өтүүдө. Дүйнө чемпионатынын ачылыш аземи Москвадагы “Лужники” стадионунда болот. 

Биринчи оюнда Орусия менен Сауд Аравиясынын курамалары беттешет. Салтанаттуу ачылышка ондон ашык малекеттердин жетекчилери келди. Белгилей кетсек, КТРКнын "Спорт" каналы Чемпионатынын бардык 64 беттешин көрсөтөт. 

Коомдук телерадиоберүү корпорациясы бул ири спорттук саамалыкты көрсөтүүгө укук алган. "КТРК" жана "Маданият.Тарых.Тил" каналдары бир убакытта өткөн оюндарды түз алып көрсөтмөкчү.