Жаңылыктар
Чолпон-Ата шаарында башаламан соодага тыю салынат
Кыргызстан жаңылыктары
Чолпон-Ата шаарында башаламан соодага тыю салынат

Жайкы эс алуу убагында Чолпон-Ата шаарында башаламан соода кылууга жол бербөө максатында текшерүү жүрүп, түшүндүрүү иштери менен коштолду. 

Шаар мэриясынын билдирүүсүндө унаа жолдоруна туруп алып тамак-аш, кийим кече саткандар жайкысын абдан көбөйөт. Алардын баарында уруксаат кагаздары жок. 

Ошондой эле, санитардык талаптарга жооп бербеген шартта соода кылып жатышат. Мындан улам милиция кызматкерлери алардын мыйзамдуу жайларда иштөөсүн талап кылууда. 

Рейд иштеринин жүрүшүнө убактылуу соода кылгандарга короо жайынын алдын убактылуу ижарага бергендер каршылык көрсөтүшүүдө.