Жаңылыктар
Парламент өкмөттүн отчётун колдоду
Саясат
Парламент өкмөттүн отчётун колдоду

Ушул эле күнү Жогорку Кеңеш өкмөттүн 2017-жылда аткарган иши боюнча Премьер-министрдин маалыматын "канааттандыраарлык" деп тапты. Токтом долбооруна 90дон ашык депутат "макул" деген добушун берди.  Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт депутаттар берген сунуш, сын пикирлерден жыйынтык чыгарып иштиктүү иш алып барууга даяр экенин билдирди.

Премьер-министр экономикадагы жетишкендиктер, анын ичинде ЕАЭБ алкагында жүрүп жаткан иштер, тышкы экономикалык соода жүгүртүүнүн көлөмүнүн 12,5% өскөнү, ишкерлер жана дыйкан-фермерлерди насыя жагынан колдоо багытындагы программанын алкагында аткарылган жумуштар, сыртта иштеп жаткан жарандарыбыз которгон каражаттын көлөмүнүн 2,5 миллиардга чукулдаганы, социалдык тармакты көтөрүүдө жетишилген жыйынтыктар, таза суу тартуу, жол куруу, ирригация, электрондук өкмөттү ишке киргизүүдөгү оң натыйжалар менен бирге кемчиликтерди да белгилеп көлөмдүү баяндама жасады. 

Жаңы өкмөт иштеп жатканына бир ай гана болгондуктан маалыматты угуп эле чектелели, былтыр жана быйыл аткарыла турган иштер боюнча өкмөткө суроолор арбын, - деп эки ача пикирлер айтылып отуруп эл өкүлдөрү суроо-жоопко өткүчө убактысын коротту. 

Коррупция менен күрөшүү, анын ичинде көрүстөндөгү жер тилкесин сатууда, тендер өткөрүүдөгү жемкорлук, бюджетке пайда алып келбей, токтоп турган мамлекеттик ишканаларды иретке келтирүү, социалдык объектилердин курулушун аягына чыгаруу, билим берүүнүн сапатын жакшыртуу, мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан аткарылып жаткан иштер, аймактарда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар менен иштешүү жолго коюлбаганы болуп отуруп кендирди кескен көйгөйлөрдү көтөрүштү. Ошол эле учурда эл өкүлдөрү тарабынан келечектүү долбоорлорго артыкчылык берүү сунушталды. 

Өкмөт тарабынан быйыл аймактык экономиканы өнүктүрүү маанилүү. Аймактарды өнүктүрүү жылында региондорго инвестицияларды тартуу, жумушчу орундарын түзүү, инфраструктураны жакшыртуу. Мунун ичинде жолдор салынат. Былтыр бюджеттин эсебинен 345 чакырым жол асфальтталды. Быйыл да ири жолдорду куруу жумуштары улантылат. Балыкчыдан Корумдуга чейинки жол бүткөрүлөт. Кара-Балта-Бишкек жолу да салынууда. Ошенткен менен депутаттар жолдо жүрүүдө тыгындар болуп жатканын билдирди. 

Ошол эле учурда өкмөт сентябрь айында Кумтөр маселеси боюнча чечимди парламенттин талкуусуна алып келмей болду. Абылгазиев "Центерранын" жетекчиси менен жолукканын айтып, 2017-жылы сентябрь айында кол коюлган келишимде макул болбогон жагдалар бар экенин белгиледи. Соңку келишим азырынча күчүнө кире элек. Алты сааттай талкуулап добуш берүүгө келгенде да депутаттар ортосунда кайчы пикирлер пайда болуп жыйынтыгында добуш берүү менен Премьер-министрдин отчётуна "канааттандыралык" деген баа берилди.