Жаңылыктар
Айдоочуну айыпка жыкпай, акча өндүрүп жаткан инспектор кармалды
Коррупция
Айдоочуну айыпка жыкпай, акча өндүрүп жаткан инспектор кармалды

Кылмыштуулуктун алдын алуу жана коррупцияга каршы күрөш мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынан. Коррупция демекчи, Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кенже инспектору пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы маалымдады. Белгилүү болгондой, унаасын туура эмес жерге токтоткон айдоочуну айыпка жыкпай туруп, акча өндүрүп жаткан жеринен инспектор тузакка түшкөн.

“Мен беш мүнөткө токтоп, кыйчалыш ишимди бүтүрүүгө ашыккам”. Бул, эреже бузган айдоочулардын кеңири жайылган шылтоосу. Мээрим унаа токтотуучу жайга алдырып жиберген унаасынын артынан келген. Ал күнөөлүү экенин мойнуна алат, бирок эвакуатордун кызматы кымбат, өзгөчө карапайым жашоочунун капчыгына туура келбейт деген пикирде. 

Пара алып жаткан инспектор далили менен колго түштү. Адамдан амал качып кутулбайт демекчи. Шаар көчөлөрүнө “Токтотууга болбойт!” - деген белги коюлганына жарым жыл боло элек жатып, бул жерде дагы коррупция тамырлаган. Тагыраагы, туура эмес жерге токтотулган авто эвакуацияланып, унаасын алып кеткени келген айдоочулардан айып пулга деген акчаны протокол түзбөстөн "колго" алып турушкан. Коррупциялык схеманын түзүлүшү төмөндөгүдөй.

Бул эки күндүн гана көрсөткүчү. Эсептей келгенде мамлекет бир айда тарткан зыян миллион сомду чапчыйт. Жол боюндагы жемкорлор жалгыз эмес, арасынан бирөө гана кылтакка илинип отурат.