Жаңылыктар
Бүгүн - Орозо айт майрамы
Кыргызстан жаңылыктары
Бүгүн - Орозо айт майрамы

Бүгүн Орозо айт майрамы. Жалпы өлкө боюнча айт намазы окулду. Бишкектеги эски аянтка миңдеген мусулмандар чогулуп, ыйык парзды аткарды. Ага катышкан муфтий баштаган дин ишмерлери жана Жогорку Кеңештин Төрагасы кыргызстандыктарды куттуктап, элди биримдикке, кайрымдуулукка чакырышты.



Айт майрамындагы жөрөлгөнү аткарууда эски аянтка эл толуп, мечиттерде да киши арбын болду. Милиция коопсуздукту камсыз кылды. Жалпы өлкө боюнча 9 миңдей тартип сакчысы иш алып барса, анын 1 жарым миңи Бишкекте болоору кабарланган. Чогулган эл аалымдардын айткандарына кулак төшөдү. 


Айт намазы таңкы саат 7 жарымга белгиленген. Ага чейин ислам дининин баалуулуктарын даңазалаган баяндар айтылып, элге куттуктоо жолдонду. Муфтий Максатбек ажы Токтомушев мекенди сүйүүгө, ынтымакта жашоого, ыплас иштерден алыс болуп, өлкөгө кызмат кылууга чакырды.

Айт намазынын сап башында диний ишмерлер менен бирге бийлик өкүлдөрү да болду. Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков мамлекет башчынын кайрылуусун окуп, өзүнүн жана депутаттардын атынан да элди куттуктады.

Жараткандан жакшылык тилеп чогулган мусулмандар аруу максат, асыл ой менен ыйык парзды аткарышты. Айт намазы аяктап, чогулган эл жагымдуу маанай менен тарады. Эски аянтка болжол менен 50 миңдей адам чогулганы кабарланды. Айт намаздары ар бир мечиттерде, облус борборлорундагы аянттарда да окулду.