Жаңылыктар
Сузак районунун Жалгыз-Жаңгак айылында жер көчкү жүрдү
Өзгөчө кырдаал
Сузак районунун Жалгыз-Жаңгак айылында  жер көчкү жүрдү

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Жалгыз-Жаңгак айылында 15-июнга караган түнү жер көчкү жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, көчкүнүн көлөмү болжол менен 318 миң метр кубду түзөт. 

Турак жайларга жана адамдарга зыян келтирген эмес, бирок бир үйгө кооптуу абал жаралды. ӨКМдин облустук башкармалыгынын ыкчам тобу, Мониторинг департаментинин адиси, 10 куткаруучу, айыл аймак тарабынан бир трактор, эки жүк ташуучу унаа жана жергиликтүү тургундардан 30 адам көчкүнүн кесепеттерин алдын алууга тартылды. 

Кооптуу абал жаралган үйдүн жашоочулары жана жер көчкү катталган аймактан 60-70 метр алыстыкта жайгашкан бир үйдүн жашоочулары туугандарына убактылуу көчүрүлдү.