Жаңылыктар
Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы чыкты
Билим
Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы чыкты

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы чыкты. Маалым болгондой, сынактын негизги тестин 45 миң 607 адам тапшырды. 

Анын 29 миң 49у - кыргыз тилинде, 16 миң 558и - орус тилинде тапшырылган. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. Тарых боюнча тестти 24 миң 963 адам, биология боюнча 14 миң 309 адам, химияны 10 миң 922 адам, математиканы 10 миң 264 адам, англис тили боюнча 9 миң 674 адам, физикадан 5 миң 551 адам тапшырды. 

2018-жылы ЖРТнын катышуучуларынын орточо упайы 119,4 упайга чейин көтөрүлдү. Былтыр бул көрсөткүч 117,8 упайды түзгөн. 110дон жогорку упайларды алып, ЖОЖдорго тапшыруучу сынактарга жолдомо алган абитуриенттердин саны 26180ди түздү. 

Ошондой эле 20-21-июлда Бишкек жана Ош шаарларында ар кандай себептер менен тестирлөөнү өз убагында тапшыра албай калган абитуриенттер үчүн кайра тестирлөө өткөрүлөт.