Жаңылыктар
Президент кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолукту
Кыргызстан жаңылыктары
Президент кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолукту

Президент Россиядагы иш сапарынын алкагында Москвада кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту. Мамлекет башчысы жана диаспоранын өкүлдөрү эмгек мигранттарына байланыштуу маселелерди талкуулашты. 

Өлкө башчы менен жолугушуу учурунда кыргыз мигранттары өлкөнүн экономикасын жана аймактарды өнүктүрүүгө карата өздөрүнүн долбоорлорун сунушташты. 

Ошол эле учурда алар кичи мекенине жардам берип жатышкандыктарын кошумчалашты. Муну менен катар эмгек мигранттарынын укуктарын коргоодо тийиштүү мамлекеттик органдар менен өз ара кызматташуунун маанилүүлүгүнө токтолушту. 

Президент менен жолугушууда мекендештер Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына араналган иш-чаралар жогорку деңгээлде өткөрүлүшү зарыл экенин айтышты. 

Андан тышкары мигранттар коррупция менен күрөшүүдө мамлекет башчынын аракеттерин колдоорун билдиришти. Жолугушуу жыйынтыкталгандан кийин Мамлекет башчысы Элчиликтин имаратын карап чыгып, анын иштөө шарттары жана Элчиликтин кызматкерлеринин Россиядагы кыргызстандык жарандар менен ишине көңүл бурду.