Жаңылыктар
Кыздары кичине кезинде эле күйөөсү менен ажырашып кеткен
Маданият
Кыздары кичине кезинде эле күйөөсү менен ажырашып кеткен

   Бир күнү ошол курулуштун жанына вагон үйдү сүйрөтүп келишти. Вагон төрт дөңгөлөктүү, ичине киргенге ыңгайлуу тепкичтери бар, эки бөлмөлүү, бөлмөлөрдүн ортосунда чакан далис, терезелеринде аппак пардалары тартылып турат.

  Адегенде эки-үч күн эшигине кулпу салынып турду. Анан бир күнү каалгасы ачылып, кичинекей балдар кирип-чыгып ойноп калышты. Кызыл жоолукчан арыкчырай жаш келин эшик алдында тирилик кылып жүрдү. Келиндин аты Батма. Бири үчкө, бири бешке чыккан эки кызы бар. Кыздары кичине кезинде эле күйөөсү менен ажырашып кеткен. Уландысын "Бейпил түн" адабий-музыкалык уктуруубуздан Элмира Ажыканованын "Вагон үй" аттуу аңгемесинен уга аласыздар.