Жаңылыктар
Салттуу музыканы жандандыруу аракеттери жүрүп жатат
Маданият
Салттуу музыканы жандандыруу аракеттери жүрүп жатат

Тарых жана маданият жылынын алкагында салттуу музыканы жандандыруу аракеттери жүрүп жатат. Бишкектеги балдардын жана өспүрүмдөрдүн «Сейтек» улуттук борборунда “Кыргыз көчү” ийриминин таланттуу жаштары алгачкы ирет өз өнөрүн тартуулашты. Бул топ 2 жыл мурун түптөлүп, анда 50гө жакын өспүрүмдөр комуз чертүүнү үйрөнүп келет. Алар кыргыздын залкар күүлөрүн комузда кол ойнотуп чертип калышкан. Ийрим жетекчисинин айтымында, жаштардан куралган комузчу топ алдыда бир нече комуз күүлөрүнө арналган кечелерди уюштурууга камынып жатышат.