Жаңылыктар
Нарында туристтик сезон күч алды
Аймак
Нарында туристтик сезон күч алды

Көчмөндөр оюну Кыргызстанга туристтерди тартууга бараандуу салым кошууда. Быйыл эле Нарын облусуна барган туристтердин саны жылдагыга караганда көп болууда. 

Учурда Теңир-Тоонун көздүн жоосун алган кооз жерлеринде чет жактан келгендер арбын. Бирок буга жараша көйгөйлөр да жок эмес. 

Быйыл Нарынга келген туристтердин саны көбөйдү. Сырттан келген адам босогону аттаганда эле, ал келген өлкө жөнүндө пикир жаралат. 

Арийне, аймактагы таштандылардын чыгарылбай жатышы өз кедергисин тийгизбей койгон жок. Жергиликтүү бийликтин бул тармакта көңүл кош мамиле жасаганы байкалат.

Өлкөнүн экономикасынын артыкчылык кылган тармагы катары туризмди өнүктүрүү жана туризм жагынан иш-аракеттерди жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү мамлекеттин милдеттүү багыттарынын бири.