Жаңылыктар
Баткен, Кадамжай, Лейлек райондоруна өзгөчө кырдаал режими киргизилди
Кырсык
 Баткен, Кадамжай, Лейлек райондоруна өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Баткен облусундагы Баткен, Кадамжай, Лейлек райондоруна өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Кечээ таңкы саат жетилер чамасында катуу жүргөн сел бул үч райондун тургундарына кесепетин тийгизди. 

Селдин кесепетинен турак жайлар, социалдык объектилер, ички чарбалык каналдар, эгин талаары жана жолдор жарактан чыкты. Кабарчыбыз табият кырсыгына кабылгандардан жеринен кабар алды.