Жаңылыктар
Жалал-Абад облусунда жер титирөө катталды
Өзгөчө кырдаал
Жалал-Абад облусунда жер титирөө катталды

Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 26-мартта жергиликтүү убакыт боюнча саат 06:36 чамасында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Жер титирөөнүн очогу Жалал-Абад шаарынын чыгыш тарабынан 35 км алыстыкта орун алды. Кыйроолор жана жабыркагандар катталган жок.