Жаңылыктар
Кубанычбек Кулматовго дагы бир кылмыш иши козголду
Кыргызстан жаңылыктары
Кубанычбек Кулматовго дагы бир кылмыш иши козголду

18-июнда Бишкек шаардык соту Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовдун баш коргоо чарасын жабык түрдө карап, соттун мурдагы чечимин күчүндө калтырды. 

Буга чейин Кубанычбек Кулматовдун жактоочусу Сергей Слесарев Кулматовду камакка алуу боюнча Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечимин жокко чыгаруу тууралуу шаардык сотко өтүнүч арыз менен кайрылган. 

Райондук соттун чечимине ылайык, Кубанычбек Кулматов 28-июнга чейин камакка алынган. Бүгүн жактоочунун арызын кароо учурунда прокурор мурдагы калаа башчысына карата дагы бир калмыш иши козголгонун билдирди. Анын айтымында, 14-июнда Кылмыш-жаза кодексинин 350чү жана 346-беренелери боюнча жаңы кылмыш иши козголду.