Жаңылыктар
«Алай» клубу «Кара-Балтаны» ирет ири эсеп менен утту
Спорт
«Алай» клубу «Кара-Балтаны» ирет ири эсеп менен утту

17-июнда Кыргызстандын клубдар аралык чемпионатынын кезектеги туру болуп (Топ лига), Оштун «Алай» клубу өз үйүндө Кара-Балта шаарынын «Кара-Балта» клубун кабыл алды. Бул оюнга аймактык кабарчы да күбө болгон.

Оюндун 1-таймын коноктор ийгиликтүү баштап, «Алай» клубунун дарбазасына гол киргизүүгө жетишти. Арадан көп убакыт өтпөй талаа ээлеринин жарым коргоочусу бурчтан чыгарылган топту «Кара-Балтанын» дарбазасына жолдоп коюуга жетишти. Оюн андан ары уланып, «Кара-Балта» клубу активдүү чабуулдарга өтүп жатты. Анын жыйынтыгында «Алай» клубунун коргоочуларынын катасы менен 11 метрлик айып берилди. Аны коноктор натыйжалуу пайдаланышып, эсеп тактайчасы жаңырган.

Андан кийин талаа ээлери чабуул артынан чабуул жасап жатып, экинчи голун да киргизүүгө жетишишти. Арандан көп убакыт өтпөй үй ээлери 3-голду коноктордун дарбазасына киргизип, 3:2 эсеби менен 1-тайм аяктаган. Ал эми экинчи таймда эки клуб тең чабуул артынан чабуул жасап жатышты. Бирок «Кара-Балта» клубуна оомат жылмайган жок. Анткени коноктор «Алай» клубунун дарбазасына алдында белгиленген 11 метрлик айып соккуну да бекер кетиришти. Акыры активдүү чабуулдардын натыйжасында «Алай» клубу «Кара-Балта» клубунун дарбазасына дагы 3 топ киргизүүгө жетишип, эки таймдын жыйынтыгы 6:2 эсебин көрсөттү

Өткөн сезондо «Кара-Балта» клубу «Алай» клубуна 10:0 эсебинде уттурган болчу.