Жаңылыктар
Москвадагы жол кырсыктын калыс тергелишине Кыргызстан болгон аракетин жумшайт
Кыргызстан жаңылыктары
Москвадагы жол кырсыктын калыс тергелишине Кыргызстан болгон аракетин жумшайт

Москвадагы жол кырсыгына шектүүнүн иши калыс тергелишине Кыргызстан болгон аракетин жумшайт. Бул туурасында Тышкы иштер министрлиги билдирди. 

Анда айтылгандай, министрлик менен Орусиядагы элчилик Москвада жол кырсыгына айыпталып жаткан кыргызстандык жарандын иши объективдүү тергелишине болгон аракетин көрөт. 

Учурда Москвадагы элчилик кармалган кыргызстандык менен байланышып, тиешелүү укуктук-консультациялык жардам берүүгө аракет кылып жатат. Бул маселе Тышкы иштер министрлигинин көзөмөлүндө турат. 

Эске салсак, Москванын полициясы Ильинка көчөсүндө 16-июнда болгон жол кырсыгына байланыштуу кылмыш ишин козгоду. Ага ылайык, кырсыктан жети адам жабыркады. Алдын-ала маалыматка караганда, таксинин айдоочусу рулду башкара албай калып, тротуарга чыгып кеткен.