Жаңылыктар
Ноокен районунун болгар калемпири Россияга экспорттоло баштады
Экономика
Ноокен районунун болгар калемпири Россияга экспорттоло баштады

Ноокен районунун болгар калемпири Россияга экспорттоло баштады. Бүргөндү айыл аймагынын дыйкандары Германиянын эл аралык кызматташтык уюмунун колдоосу менен болгар калемпирин чет өлкөгө чыгарууга мүмкүнчүлүк алышты. 

Долбоордун алкагында 200гө жакын дыйканга жогорку түшүмдүүлүктөгү үрөндөр берилип, аны өстүрүү боюнча окутуулар өткөрүлгөн. Дагы бир жагымдуу шарт, дыйкандар өстүргөн болгар калемпирин баштагыдай базарга сатып кыйналбайт. 

Долбоордун жардамы менен атайын кабыл алуучу жайлар ачылып, ал жерден чогулган продукция Россияга жөнөтүлөт. Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунун Ноокен району жашылча-жемиш көп өстүргөн аймактардын алдында турат.