Жаңылыктар
Бишкек - Ош унаа жолунда жол кырсыгы катталып, алты адам жабыркады
Кырсык
Бишкек - Ош унаа жолунда жол кырсыгы катталып, алты адам жабыркады

Бишкек - Ош жолунда "Минивэн" унаасы оодарылып, 6 адам жабыркады. Маалыматтарга караганда, кырсык 17-июнда саат 16:50 чамасында Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда Бишкек - Ош унаа жолунун 235-чакырымында болгон. 

Унаанын айдоочусу рулду башкара албай, жолдун четине чыгып, оодарылып кеткен. Жабыркагандар райондук ооруканага жеткирилген.