Жаңылыктар
"Акыл ордо" теледолбоорунун жаңы сезону старт алды
Билим
"Акыл ордо" теледолбоорунун жаңы сезону старт алды

Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын “Акыл ордо” интеллектуалдык теледолбоорунун жаңы сезону старт алды. 

Эки жылдан бери чыгып келе жактан долбоорго буга чейин 8-9-класстын окуучулары катышып келген болсо, жаңы иштелип чыккан сезондо 10-11-класстын окуучулары үчүн мүмкүнчүлүк түзүлдү. 





“Акыл ордо” долбоорунун жаңы сезонуна 10-11-класстын окуучулары катыша алат. Оюнга катышууну каалгандар бизге кайрылып, атайын тандоо турунан өтүшөт. Тандалып алынгандар өздөрүнүн билими, жөндөмү, шыгын жогорку деңгээлде көргөзө алса, Кыргызстандын мыкты окуучусу болууга мүмкүнчүлүгү бар, - деп “Жаштар” редакциясынын продюсери Ш.Арапов делгиледи.

Заманбап жаңыланган, форматы теледолбоордун шартына толук жооп бере ала турган сезондо билими күчтүулөрдүн сынагы көрүүчүлөргө маанай тартуулай алат деген ишеничтебиз.