Жаңылыктар
Кыргызстанда биринчи жолу блокчейн форуму өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда биринчи жолу блокчейн форуму өттү

Кыргызстанда биринчи жолу блокчейн форуму өтүп, жаңы ыкманы  жайылтуу маселеси талкууланды. Иш-чара Экономика министрлиги менен Борбор Азия институту тарабынан уюштурулуп, ага  Кытайдан келген ишкерлер дагы катышышты. 

Жергиликтүү серепчилер  Кыргызстанда  блокчейн технологияларын колдонуу жана жайылтууга мүмкүнчүлүктөр кеңири  экенин айтышууда. Анткени ал электрондук форматка өтүүгө жакшы шарт түзүп берет-дешет алар.  

Буга чейин  «блокчейн» технологиялары тууралуу маалыматты технологиялар боюнча адистер жана интернетке кызыккан айрым адамдар гана билип келишсе, эми  бул интернет-инновация тармагында эң көп талкууланган тема болуп калды.  

Учурда көптөгөн өлкөлөр блокчейнге негизделген долбоорлордун иштөөсүнө шарт түзүү боюнча ат салышып жаткан кез. Себеби бул – инновациялар, улуттук кадрларды өнүктүрүүнүн жана ири инвестициялык капиталдардын булагы болуп саналат. Экономика министрлигинин аймактар аралык башкармалыгынын жетекчиси Зайнидин Жумалиевдин билдирүүсү боюнча бул жаңы ыкма электрондук форматка өтүүгө жакшы шарт түзүп берет.

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"