Жаңылыктар
Сапаттуу күйүүчү май зыяндуу заттардын абага тарашын азайтат
Кыргызстан жаңылыктары
Сапаттуу күйүүчү май зыяндуу заттардын абага тарашын азайтат

Кийинки жылдын август айынан тарта Кыргызстанга Евро-4 стандартына туура келген гана күйүүчү-майлоочу май алынып келүүгө уруксат берилет. Бул ЕАЭБдин техникалык регламентинин талабы болуп саналат. Сапаттуу күйүүчү май зыяндуу заттардын абага тарашын азайтат. 

Анткени өлкөдөгү унаалардын саны бир жарым миллионго жакындап, алар бөлүнүп чыккан газ өлкөнүн экологиялык абалына таасирин тийгизүүдө. Экологдордун айтымында, өзгөчө жайкысын унаадан иштелип чыккан түтүн зыяндуу болуп эсептелет.

Ушул күндө өлкөдө бир миллиондон ашык унаа каттоого алынган. Алардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарына туура келет. Мындан улам экологдор күн сайын унаалардан ондогон тонна зыяндуу заттар чыгат деп коңгуроо кагышууда. Абага тараган зыяндуу газ айрыкча күн катуу ысыгында адамдын ден соолугуна терс таасирин тийгизет.

Кыргызстан жылына бир миллион тоннадан көп күйүүчү майдын түрүн керектейт. Көрсөткүчтүн 20 пайызын атамекендик ишканалар өндүрсө, калган мунай азыктары сырттан ташылат. Болгондо дагы ар кандай сапаттагы күйүүчү-майлоочу майлар келет.

Өлкөдө алигиче совет мезгилинен калган стандарттар өкүм сүрүп келет. Ошого байланыштуу республикага сапаты төмөн күйүүчү майлар ташылууда. Ушул тапта күйүүчү майдын сапатын текшерген эки лаборатория бар - бирөөсү менчик, экинчиси мамлекеттик, акыркысы Союз доорунан калган.

Талдоочулардын пикиринде ушул күнгө чейин өлкөгө кирген күйүүчү майдын сапатын көзөмөлдөгөн мыйзамдын талапка жооп бербей жатышы, аткезчилик менен алектенгендер үчүн пайдалуу. Сапатсыз күйүүчү-майлоочу майлардын сапаттуунун наркы менен тең бааланып сатылышы, мындай иштин кыныгын алган компанияларга кошумча киреше алып келет.

Башка өлкөлөрдө абанын булгануусун сапаты начар күйүүчү майларды колдонууга тыюу салуу менен чечип келет. Жаңы мыйзамды кабыл алуу аркылуу Кыргызстан сапаттуу күйүүчү майга өтүүгө тийиш. Аны менен бирге заманбап лабораториялар дагы талап кылынат. Бул иштерди создуктурууга болбойт, анткени экологдор унаалар жаратылышка көп зыян алып келип жатканын аныктаган.