Жаңылыктар
Бишкекте ысык суу 22-июнга чейин берилет
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте ысык суу 22-июнга чейин берилет

Жылуулук электр борборунун жанында болгон окуя белгиленген мөөнөткө таасир этпейт. Бул тууралуу "Улуттук энергохолдинг" билдирди. 16-июнда ЖЭБдин айланасынан бир нече метр бийиктикке суу атырылып жатканы тартылган видеотасма интернетке чыгып, жылуулук электр борборунда суу түтүктөрү жарылды деген кабар тараган.

Асманга атырылган суу Жылуулук электр борборун бойлой курулган дубалдан ашып, жолго чачырап жатканын көрүүгө болот. Бул шаардыктардын арасында ЖЭБде дагы авариялык абал жаралды деген тынчсызданууну пайда кылган. Анткен менен "Улуттук энергохолдинг" Бишкек Жылуулук электр борбору кадимки тартипте иштеп жатканын, болуп өткөн окуя ЖЭБге тиешеси жок экенин билдирген. Шаардыктар күбө болгон көрүнүш ал жердеги “Бишкек жылуулук тармагы” ишканасынын жыл сайын жүргүзгөн иши. 

Оңдоо иштери соңуна чыгып, калаа тургундарына ысык суу берүү алдында түтүктөр атайын сыноодон өткөн. Сыноо иштеринин жүрүшүндө эски түтүк сууну кармап кала алган эмес. Адистер жарылган бөлүктөрдү кайра калыбына келтирүү менен алек. Эми дагы бир жолу сыноо жүргүзүлөт. Мындай жарылуу калаа тургундарына ысык суу бериле баштаган учурда болбошу керек. Адистер оңдоо иштери соңуна чыгып жатканын билдирүүдө. Аларды кайра сыноодон өткөрүү да көп убакытты албайт. Ысык суу убак-убагы менен 22-июнга чейин толук берилээри кабарланды.