Жаңылыктар
Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы көпүрө ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы көпүрө ачылды

Аймактарды өнүктүрүү жылынын шарапаты менен Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы көпүрө ачылды. Казарман - Ак-Тал-Чат унаа жолундагы көпүрө былтыр июнь айында кооптуу абалга кептелип, унаалар үчүн толугу менен жабылган эле. 

Бир жылдан бери элди бушайманга салып келген Нарын облусундагы Ак-Тал-Чат көпүрөсүнөн унаалардын өтүүсүнө уруксат берилди. Көпүрөнүн эки капталындагы жөө адамдар басып өтүүчү жерлерде гана оңдоо иштери аягына чыга электиги болбосо, негизги бөлүгү оңдолуп бүттү.

1967-жылы салынган көпүрө буга чейин бир да жолу оңдоодон өткөн эмес. Жыл сайын кирген суунун көлөмү көбөюп отуруп, көпүрөнүн тирөөчтөрү акырындап сууга чөгүп баштаган. Анан да оор жүк ташуучу унаалардын да аягы суюлбайт.

Элдин минтип бушайман болуп жатканынын деле жөнү бар экен. Биздин чыгармачыл топ барган кезде, салмагы 50 тоннага жакын оор жүк ташуучу унаалар катары менен өтүп жатты. Транспорт министрлигинин атайын нормасына ылайык, дал ушундай кооптуу делген жерлерден, унаалар кезек менен гана өтүп, көпүрөгө күч келтирилбеши керек эле. Бирок бул унаалардын айдоочулары аны деле эске алышпагандай.

Азырынча 54 млн сом сарпталып, эми гана ишке берилген көпүрөнүн абалы жакшы деп сыпатталууда. Бирок 40 тоннага гана туруштук бере ала турган көпүрө аркылуу, оор жүк менен байма-бай өтүп жаткан унааларга качан көзөмөл башталат, эл үмүттүү күтүп жатат.