Жаңылыктар
Москвада жөө адамдарды сүзүп кеткен кыргызстандык эки айга камакка алынды
Кыргызстан жаңылыктары
Москвада жөө адамдарды сүзүп кеткен кыргызстандык эки айга камакка алынды

Москвада жөө адамдарды сүзүп кеткен кыргызстандык таксист Чыңгыз Анарбек уулу эки айга камакка алынды. “РИА Новости” жазып чыккандай, мындай чечимди Орусиянын баш калаасынын Таган райондук соту кабыл алды. 

Эске салсак, 16-июнда Москвада такси айдаган кыргызстандык жаран унаасын башкара албай, жол четинде турган бир нече адамды сүзүп кеткен. Буга байланыштуу Москва шаарынын полициясы кылмыш ишин козгоп, тергөө баштаган. Мекеменин маалыматына караганда, кырсыктан жети киши жабыркаган. 

28 жаштагы Чыңгыз Анарбек уулу алгачкы суракта ал адамдарды атайын сүзбөгөнүн, тормоздун ордуна газды басып алганын айткан. Ал ошондой эле спирттик ичимдик ичпегенин жана буга чейин жол эрежесин бузбаганын билдирген. Жабыркагандардын абалы оор эместиги айтылган. 

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Ички иштер министрине Чыңгыз Анарбек уулу менен жолугушуп, ага квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү маселесин чечүүнү тапшырды. Ал эми "Замандаш" саясий партиясы менен Орусиядагы Кыргызстандын элчилиги мекендешибизге жактоочу жалдап, учурда ага укуктук жардам көрсөтүлүүдө.