Жаңылыктар
ДЧ: Англия жана Бельгия курамалары оюнду жеңиш менен баштады
Спорт
ДЧ: Англия жана Бельгия курамалары оюнду жеңиш менен баштады

Футбол боюнча Дүйнө чемпионатынын алкагында Англия-Тунисти 2:1 эсебинде утуп алды. 2 голду Харри Кейн киргизди. Тунис тараптан жалгыз топту дарбаза торуна 35-мүнөттө Фертани Сасси пенальтиден кадады. Беттеш дээрлик англиялыктардын үстөмдүгү алдында өтүп, чабуулдарга бай болду. Тунис курамасынын дарбазачысы Муэс Ассан оюндун баштапкы мүнөттөрүндө эле жаракат алып, алмаштырылды. Анын ордуна Фарух Бен-Мустафа чыкты. Кошумчалай кетсек, “Волгоград арена” стадионунда бул оюнду 41064 күйөрман көргөн. Буга чейин бул стадионго мынчалык көрөрман келген эмес.

 Футбол күйөрмандары болсо ФИФА сайтындагы добуш берүүдө бул беттештин мыкты оюнчусу катары Харри Кейнди аташты.

Тунис курамасы кийинки оюнда Бельгия ал эми Англия-Панама командасы менен кез келмекчи.


Сочи шаарында өткөн беттеште Бельгия курамасы Панаманы 3:0 ири эсепте утуп алды. Панамалыктар 1-таймда топко ээлик кылуу аракетин көрүшүп, бир нече кооптуу делген чабуулдарды уюштурушту. Бирок атаандашынын коргонуусун буза алышкан жок. Беттештин 2-бөлүгүндө бельгиялыктар жандуу оюн жүргүзүштү. 47-мүнөттө Дрис Мертенс айып аянтчасынан көтөрүлгөн топту башы менен сүзүп, дарбазага кадады. Ал эми 69 жана 75-мүнөттөрдө бельгия чабуулчусу Ромелу Лукаку гол киргизип, курамасына 3 упайды алып берди. Азыркы тапта G тайпасында Белгьия, Англия 3 упай топтоп башкы сапка чыгышты. Тунис, Панама курамалары упайсыз акыркы саптарга жазылышты.


F тайпасында жайгашкан Түштүк Корея курамасы 1:0 эсебинде Швецияга утулуп калышты. Булардын беттеши кызыктуу өткөнү менен голдор аз болду. Эки тараптын күчү бирдей болуп, чабуулдары ийгиликсиз жыйынтыкталып жатты. 64-мүнөттө кореялык жарым коргоочу Ким Мин У швециялык оюнчу Виктор Классонга карата эреже бузуп, 11 метрлик айып соккусун жаратты. Аны Андреас Гранквис ишке ашырып, курамасын алдыга чыгарды. Оюндун калган мүнөттөрүндө гол катталган жок.