Жаңылыктар
Экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кармалды

Бишкек шаарындагы Жылуулук электр борборун модернизациялоодогу коррупция фактысы боюнча “Кылмышка шериктеш болуу”, “Коррупция” беренелери боюнча шектүү катары мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кармалды.

Мындай маалыматты Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен “Ала-Тоо 24” каналына маалымдашты. Учурда Жантөрө Сатыбалдиев УКМКнын тергөө изоляторунун убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.