Жаңылыктар
Нарында жол кырсыгынан 8 адам жабыркап, 1 киши каза болду
Кырсык
Нарында жол кырсыгынан 8 адам жабыркап, 1 киши каза болду

Нарын облусунда болгон жол кырсыгынан 8 адам жабыркап, 1 киши каза болду. Алдын ала маалыматтарга караганда, жол кырсыгы Миң-Булак айылынын аймагында 18-июнда, кечинде катталган. 

Түнкү 11лер чамасында ар кандай жаракаттар менен 8 адам Нарын облустук ооруканасынын травматология бөлүмүнө жаткырылган. Алардын экөөсү беш жаштагы балдар. 49 жаштагы аял тез жардам келгенге чейин кырсык болгон жерден жан берген. Жол кырсыгы боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.