Жаңылыктар
Кыргызстандыктар кылымдын астрономиялык окуясына күбө болот
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандыктар кылымдын астрономиялык окуясына күбө болот

Кыргызстандыктар кылымдын астрономиялык окуясына күбө болот. 28-июлга караган түнү күн ачык боло турган болсо, өлкө жарандары 21-кылымдагы эң узакка созулган айдын тутулуусуна күбө болушат.

Москва планетарийинен билдиргендей, Бишкек убактысы боюнча тутулуу 28-июль күнү саат 00:24төн таңкы саат 04:20га чейин, же 3 саат 56 мүнөткө созулат. Ал эми тутулуунун толук фазасы 1 саат 44 мүнөттү, же 1:30дан 3:14кө чейин түзөт. 

"Бул 21-кылымдын эң узакка созулган ай тутулуусу. Жалпысынан 225 тутулуу болот. Алардын 85и толук, алтоо гана үч жарым саатка чейин жетет. Эгер аба ырайы жакшы болсо жарандар мындай кубулушту көрө алышат", — деп айтылат билдирүүдө. Толук фаза учурунда ай жердин көлөкөсүнө "жашынып" кочкул кызыл түскө бөлөнөт.